Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусуКадамжай району 14.11.2018 20:20

Кадамжайда СССР учурунда министр болгон ишмер Т.Тургуновдун эстелиги тургузулду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 14-ноябрда Кадамжай районунун Калинин айылында Кыргыз ССРнин Эл агартуу министри болуп иштеген Ташыбек Тургуновдун эстелиги тургузулду. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалым болгондой, эстелик айылдагы Ташыбек Тургунов атындагы мектептин короосуна коюлду. Анын ачылыш аземинин алкагында мектептин демилгеси менен тамак-аш жана мөмө-жемиш жармаңкеси уюштурулду. Иш-чарага Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Ташыбек Тургуновдун кыздары, мектеп окуучулары, тургундар катышты.

Ташыбек Тургунов 1916-жылы Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында дыйкандын үйүндө туулган. Көптөгөн мамлекеттик кызматтарда эмгектенип, 1956-1962-жылга чейин Кыргыз ССРнин Эл агартуу министри болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×