Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусуКадамжай району 16.11.2018 09:03

Кадамжайдын Абдусамат айылынын жаштары арка, аялдама куруп, эл ашар менен таза суу чыгарды (фото)

Turmush -  Кадамжай районундагы Абдусамат айылынын жаштары айылдын кире беришине арка орнотушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Маалым болгондой, бул демилгени 1991-жылы туулган классташтар мектепти аяктаганынын 10 жылдыгына карата ишке ашырды. Курулуш үчүн жалпы 150 миң сом каражат жумшашкан.

«Муну куруу үчүн балдар болуп долбоор чийип чыктык. Уста да өзүбүздөн чыкты. Бетон куюу иштерин да ашар менен өзүбүз бүтүрдүк», - деди классташтардын бири Кенже Сыдыков.

Ал эми айылдын 1990-жылы туулган жаштары элге аялдама куруп беришти.

«Биз эл үчүн бир нерсе кылып берели деп кеңешип, ушул аялдаманы куруп бердик. Бул тууралуу көп ойлондук. Акыры бир чечимге келип, балдар өз күчүбүз менен эле акча топтоп, аялдама орноттук», - деди Таабалды Акимов.

Бул өңдүү демилгелер айылда акыркы 4 жылдан бери ийгиликтүү ишке ашууда.

«Чоң рахмат. Өмүрлөрү узак, ден соолукта болушсун. Элге үлгү кылып коюшту. Баарыбыз сүйүндүк. Мисалы, эми жаңыдан келген адам Абдусамат айылы деген жазуу аркылуу айылды оңой эле таап алышат», - деди Абдусамат айылынын тургуну Топчубай Сыдыков.

Элеттиктердин демилгеси менен курулуштар гана эмес, 150 кожолукка таза суу жеткирилген. Бул ишти аткарууда болгону 630 миң сом гана сарпталып, калган жумуштардын баарын эл өзү бүтүрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×