Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусуКадамжай району 15.11.2018 20:20

Кадамжайлыктар кыргыз-өзбек чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын тыгынынан коркушууда (фото)

Turmush -  Кадамжай районундагы «Кадамжай-Автожол» чек ара бекетиндеги оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны окуучуларга зыянын тийгизүүдө. Бул тууралуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Разъезд №61 айылынын тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, чек арага 500 метр аралыкта мектеп жайгашып, окуучулар транзиттик жол менен жүрүшөт. Мындайда унаа тыгындары окуучуларга коркунуч алып келет.

«Балдар мектептен чыкканда сөзсүз өзүбүз барып алып келебиз. Себеби окуучулар сабактан чыкканда чоң жолдун эки чети оор жүк ташуучу унааларга толуп, балдар жолдун ортосунан басышат. Жол четиндеги жол белгилерин да унаалар тосуп калган. Тротуар жок же унаалар ылдамдыкты сактабайт. Анын айынын жол кырсыктары да катталып турат. Ушуга бул жолдогу тыгындарды жоюу керек», - деди Үч-Коргон айыл өкмөтүнун тургуну Мамасалим Абдырахманов.

Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Жоро Мараимовдун айтымында, бул маселе боюнча жогорку жактагыларга да көп кайрылышкан.

«Кыргызстандан Өзбекстанга кирип кеткен жолдун Кыргызстан тарабындагы 1 чакырым аралыгы ушундай оор жүк ташуучу унаага толгон. Көрүнүш көптөн бери бар. Унаалары бузулуп тургандары бар, кезек жетпей тургандары бар. Булар элге тоскоолдук жаратууда. Жол белгилери да тосуп турушат. Бул маселе боюнча жогорку жактарга көп жолу кайрылганбыз», - деди Мараимов.

Кадамжай-автодорожный

Кызыл-кыя шаарынын тургуну Паттидин Карабалаевдин айтымында, айдоочулар күнөөлүү экенин сезгени менен чек ара бекетиндеги ыксыз кезек токтоого мажбур кылат. Жолдо атайын унаа коючу жай жок болгондугу да буга себеп.

«Ооба, биз күнөөлүбүз. Унааларды жолдун эки тарабына тең коюп койгонбуз. Бул жерде кезек күтүп жумалап туруп калгандар бар. Эмне кылалы, унаа койчу жай жок. Көпчүлүк учурда чек ара бекетинен Кыргызстандан Өзбекстанга цемент, курулуш материалдары өткөрүлөт. Ал эми тиешелүү кагаздарынын так эместигинен кезек күтүүлөр орун алат. Бул айрыкча Өзбекстан тараптан катталат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×