Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусуКадамжай району 19.11.2018 17:50

Видео — Чандеки айылындагы окуучулар 3 км алыстан баткак кечип келип, авариялык абалдагы мектепте билим алышууда

Turmush -  Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Чандеки айылындагы Х.Жаныбеков атындагы жалгыз мектеп учурда авариялык абалда. Бул тууралуу мектептин директору Тайир Жакшыбаев билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы айылга спорт залы бар, 150 орундуу жаңы типтеги мектеп куруу пландалууда.

«Чандеки айылында 170 түтүн эл жашайт. Айылдагы жалгыз мектеп 1993-жылга чейин Тамаша айылындагы орто мектептин (азыркы Акжол Камбаров атындагы орто мектебинин) филиалы болуп, 4-класска чейинки окуучулар окутулуп келген. Андан кийин 1993-1996-жылдары ашар жолу менен жаңы мектеп курулуп, 2007-жылга чейин 9 жылдык болуп окутулуп келген. 2007-жылы 2 бөлмөлүү кошумча имарат курулуп бүтүп, 11 жылдык болуп өзгөртүлгөн. Акыркы 7-8 жылдан бери мектептин дубалдарында чоң жаракалар пайда болуп, чатырындагы жыгачтардын да эскилиги жетип чирип калган. 7 жылдан бери тиешелүү жерлерге арыз менен кайрылганбыз. Кадамжай районунун акими, айыл өкмөт башчысы, ӨКМдин кызматкерлери келип, авариялык абалдагы мектеп экендигин тастыкташкан. Буйруса келерки жылы мамлекеттик бюджеттен биздин мектептин курулушуна акча бөлүнсө 150 орундуу мектеп, спорт залы менен куруу пландалып жатат», - деди Жакшыбаев

Ал эми Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмуд Токторов директордун сөзүн бышыктап, мектепке кошумча имарат 2004-жылы курулгандыгын билдирди.

«Мектеп акыркы жылдары жараксыз деп табылып, учурда ал имарат авариялык абалда турат. Буйруса 2019-жылы мамлекеттин бюджетинен акча бөлүнсө 150-200 орундуу жаңы типтеги мектеп курулат», - деди Токторов.

Мектептин китепканасы да жараксыз абалда. Окуучулардын жана мугалимдердин окуу куралдары ошол жерде сакталып турат.

«Мектептин эскилиги жеткен. Жылда мектепти актап-сырдап мугалимдер өзүбүз колдон келишинче оңдоп турабыз. Учурда мугалимдерге да, окуучуларга да класстык бөлмөлөр жетишпей, окуучулардын саны көбөйүп, кыйынчылыктар жаралууда. Окуучулар класстарда тыгылып, араң окушат. Биринчи иретте бизге мектеп керек. Анан сөзсүз китепкана керек. Китепкананын да эскилиги жеткен. Жаңы мектеп курулуп калса барыбызга жакшы болмок», - деди мектептин кыргыз тилчи мугалими Жайнагүл Балтакозуева.

Мектептин көйгөйү Чандеки айылындагы бир гана көйгөй эмес. Айылдын жашоочулары жаз, күз айларында жааган жаандан кийинки ылай, баткактап тажап, каражат топтоп, жолдорго шагыл төшөтүшкөн. Айылдын мектебине баруучу жолдун 100 метрдей тилкесине шагыл төшөлгөн.

«Ата-энелер чогулушунда жолго шагыл төшөө пикирин айтсам, алар колдоп, акча топтоп, шагыл төшөдүк. Буга чейин мектепке балдар бут кийимин ылай кылып кирсе, эми таза бойдон кирип жатат. Мындан кийин мектепти тазалаган жумушчуларга да жеңил болууда», - деди мектеп директору Тайир Жакшыбаев.

Аталган орто мектептин ордуна жаңы мектеп салынса, окуучулардын көйгөйүн бир азга гана жеңилдетет. Анткени айылдын жогорку жагындагы окуучулар жолдун алыстыгынан кыйналышат. Алар 3 чакырым алыстан келип, билим алышат.

Буга чейин мектепке жергиликтүү жашоочулардын жардамы менен 9 миң сомдук түстүү принтер алынган. Анткени мугалимдер бир сүрөт чыгаруу үчүн да районго барууга аргасыз болушчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×