Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Баткен облусуКадамжай району 21.11.2018 13:32

Жубайлар: Кадамжайлык И.Турдумаматов менен Э.Нажимидиннова 30 жылдан бери мектепте чогуу иштеп келишет (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылындагы жубайлар Исраил Турдумаматов менен Эркинай Нажимидиннова 30 жылдан бери мектепте чогуу иштеп келишет. Аймактык кабарчы мугалим жубайлардан кабар алды.

52 жаштагы Эркинай Нажимидиннованын айтымында, айылдагы Кудайкул Сатаров атындагы орто мектепте орус тилчи мугалим болуп иштешет. Өзү өзбек элинин кызы, Лейлек районунун Исфана шаарында чоңойгон. Жолдошу менен жогорку окуу жайдан таанышкан.

«Мектепти аяктаган соң 1983-жылы Фрунзе шаарындагы орус тили жана адабияты институтунда окуп баштадым. Жолдошум менден 1 курс өйдө окуйт эле. Ал жерде түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп турчу. Ошондой иш-чаралардын биринде таанышып калганбыз. Мен анда 2-курста окуп жаткам. Бир жатаканада, кошуна бөлмөлөрдө жашаганбыз. Кудай кошкон деген ушул окшойт, бардык жерде чогуу болуп калдык. Ал убакта кыз-жигит болуп жүргөн башкача болчу. Бир күнү кино театрга барсак, эртеси концертке, циркке барчу элек. Ошентип 1 жыл сүйлөшүп жүрүп, 1985-жылы баш коштук. Ата-энеме кыргыз жигитине турмушка чыгарымды айтсам атамдын ачуусу келди. Бирок менин тандоомо каршы чыккан жок. «Кызым, бөтөн жерде эптеп тиричилик кыла алар бекенсиң» деп аябай кабатырланган. Өзүм да арык, кичинекей, бала кыял кыз элем. Алардын канчалык кабатырланганын өзүм эне болуп, кызымды турмушка узатканымда түшүндүм. Ошондой болсо да акырында ыраазычылыгын берип, ак батасы менен өзүм сүйгөн жигитке узатышкан», - деди ал.

53 жаштагы Исраил Турдумаматовдун айтымында, студент кезде жубайын башкалардан талашып урушкан күндөрү да болгон.

«3-курсумда Эркинайга үйлөнүп алдым. Аны менен таанышканымда башка кыздардан өзгөчө көрүнгөн. Адамга кылган мамилеси, кичи пейилдиги, шайыр мүнөзү менен башка кыздардан айырмаланып турчу. Аялым айткандай институтта өткөрүлгөн иш-чараларда бийлеп, ырдап чогуу жүргөнбүз. Күндөн-күнгө мамилебиз жакшырып, жакын болуп кеттик. Эркинайды башка балдардан кызганып, талашып да жүргөм. Бир окуу жайда, бир жатаканада Эркинайдын жанындагы бөлмөдө кошуна жашачумун. Бала кыял, сулуу кыз болчу. Ал дагы мени тандады. Өзүм да кармаганды колдон чыгарбаган өжөр жигит элем.

Бир күнү «мага турмушка чык» деп ачык эле айттым. Ал да күлүп эле макулдугун берди. Ата-энеме Эркинайга үйлөнүп жатканымды айтканымда каршы болсо керек деп ойлонгом. Бирок алар тескерисинче «макул балам, жактырган болсоң үйлөнө бер» деп макул болушту. Ал убакта тойлор азыркыдай шан-шөөкөт менен өткөрүлбөйт эле. Эки куда өз ара макулдашып, чогуу окуган тайпалаштарыбызга жатаканадан эле чакан той өткөрүп беришкен.

Окууну бүткөнчө 2 балалуу болдук. 1986-жылы тун уулум төрөлдү. Эркинай алгач көз жарганда төрөткананын эшигинин астында туруп, кошо төрөгөндөй болгом. Себеби ал аябай назик, куурчактай кыз болчу. Ошондо ага аябай боорум ооруган. 1988-жылы кыздуу болдук. Биз студент болгон үчүн ата-энем балдарыма каралашып, бардык жактан колдоо көргөзүп турушту. Арадан 34 жыл өтүп, 1 уул, 1 кызыбыздан 4 неберелүү болдук.

Бир мектепте бир сабактан 30 жылдан бери сабак беребиз. Бул биздин студент кезибиздеги тилегибиз болчу. Минтип ойлогон максатыбыз орундалып, 34 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатабыз. Бизде да түшүнбөстүктөр, кыйынчылыктар болгон. Ошондой убактарда акыл калчап, маселени чогуу чечүүгө аракет кылганбыз», - деди ал.

Эркинай айым «Ордолуу журт айымы» төш белгиси, Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгилери менен сыйланган. Мектепте 2004-жылдан баштап 2017-жылга чейин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Исраил Турдумаматов башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы болгон. Ал дагы Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×