Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Баткен облусуКадамжай району 22.11.2018 09:47 На русском

Кадамжайда таза суу чыгаруу иштери жүрүп жатат

Turmush -  Кадамжай районунда таза суу тартыштыгы акырындап чечилүүдө. Бул тууралуу Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы Максатбек Абдирайимов билдирди.

Анын айтымында, Кадамжайда 20 миң, Чалташ-Таш жана Пүлгөн айылдарында 6 миң калк бар. Бул айылдарда дээрлик суу жок. Райондун борборунда жашаган 9 миң адамга суу сааты менен берилет. Учурда райондун Пүлгөн айылына суу түтүгүн тартуу иштери жүрүүдө. Жалпы сметалык баасы 6 млн сомдук таза суу долбоору ишке ашып бүтсө, Пүлгөн айылынын эли таза суу менен камсыз болот.

Ал эми курулуш иштерин жүргүзүп жаткан ишкананын башчысы Садир Ибрайимовдун айтымында, аталган иштер 3 ай ичинде аяктайт.

«Учурда 300 кубдук резервуардын ордун казып жатабыз. 2,5 км суу түтүктөрү тартылат. Иштерди 3 айдын тегерегинде бүтүрөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×