Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Баткен облусуКадамжай району 22.11.2018 12:46

Чет өлкөлөрдө иштеген кадамжайлыктар Кызыл-Булак айылындагы оорукананы оңдотушту (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында жараксыз абалга келген №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын чет өлкөдө иштеген мигранттар оңдотуп беришти. Бул тууралуу мекеменин башкы дарыгери Сүйүнбай Кудайбердиев билдирди.

Анын айтымында, имарат капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Мындан тышкары ымыркайлардын салмагын аныктоо үчүн тараза алынды.

«Буга чейин биздин имарат өтө начар болчу. Полдору чирип түшүп, шыптары кулап түшө турган абалга келген. Ымыркайлардын салмагын тарткан таразабыз жок болгондуктан чоң адамдарды тартуучу таразаны пайдаланчубуз. Эми бул маселелерибизди чет жерде иштеп жүргөн жаштарыбыз чечип берди», - деди Кудайбердиев.

Бул үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда көйгөй бул эле эмес. Мындан сырткары бөлмөлөрдө жылуулуктун жоктугу жумушчуларды түйшөлтүп келет. Аларды электр тогу менен иштөөчү мештин жардамы менен жылытышат. Андыктан 2019-жылы имаратка мештерди алуу үчүн 290 миң сомдук долбоор даярдалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×