Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусуКадамжай району 22.11.2018 17:52

Кадамжайдагы Алыш айылынын электр көйгөйү чечилип жатат

Turmush -  Кадамжай районунун тоолуу Алыш айылында жаңы трансформатор орнотулду. Бул тууралуу айыл башчысы Маматибрайим Байболов билдирди.

Анын айтымында, быйыл айылга 2 трансформатор коюу пландалган. Бүгүнкү күндө анын бирөөсү коюлуп, экинчиси да алынып келди. Экинчиси жакында орнотулат.

Ал эми айыл тургуну Ахматали Султановдун айтымында, буга чейин айылга электр энергиясы толук жеткен эмес.

«Мурда электр энергиясы алсыз болгон. Тамак бышырууга мүмкүн эмес эле. Эми жаңы трансформатор коюлуп, жарык болуп, тамак жасаганга да мүмкүнчүлүк түзүлдү. Көчөлөрдө да түнкү жарыктандыруу жакшы болуп калды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×