Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусуКадамжай району 23.11.2018 09:31 Жаңыланды: 23.11.2018 18:11

Тагдыр: Кошунасына жардам берип жатып майып болуп калган Т.Тойчубековго айыл өкмөт үй куруп берип жатат (фото)

Turmush -  Кошунасына жардам берип жатып, кырсыктан улам майып болуп калган Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылынын 32 жаштагы тургуну Таалайбек Тойчубековго айыл өкмөт үй куруп жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Мамажунус Сатыбалдиевдин айтымында, Т.Тойчубековго 15 сотых жер берилип, ага 3 бөлмөлүү үй курулуп жатат. Курулуш иштерине жалпы 600 миң сом сарпталат.

Т.Тойчубековдун ата-энеси ажырашып кеткендиктен алар үйүн, үлүш жерлерин да сатып жиберишкен. Учурда анын 2 карындашы Бишкектеги педагогикалык колледжде билим алып жатышат.

«Азыр үйдүн курулушуна айыл өкмөттүн бюджетинен акча бөлүнүп, жаңы жылга карата бүтүрүп, жаңы 2019-жылга белек кылып кылабыз», - деди ал.

Ал эми Таалайбек мырзанын өзүнүн айтымында, 1 жылдан бери төшөктө жатат. Дарыланганга акчасы жок.

«2017-жылы кошунамдын өрүгүн теришем деп дарактан кулап кеткем. Кырсыктын кесепетинен бутум иштебей, омуртка сөөгүм сынып, жүлүндү кысып калган. 6 ай жатып, декабрь айында Ош шаарындагы облустук ооруканага баргам. Ал жактан операция жасашкан. 20 күн дарыланганыма 20 миң сомдой акча кеткен. Мага айылдаш агам Калдаралы Жарматов жардам берди. Ошондон бери үйдө жатам. Эч кандай дары-дармек колдонбойм. Өзүбүз 7 бир тууганбыз. Апам да оорукчан. Азыр жашап жаткан жерибиз да өкмөттүкү. Бул жерде биз 20 жылдан ашык убакыттан бери жашайбыз. Менден кичүү иним бирөөлөрдүн жумушун кылып, бир аз акча табат. Дарыгерлер «эгер дарылансаң басып кетесиң» дешти. Бирок ага каражатым жок. Тамак-аштан кошуналар жардам берип, кабар алып турушат», - деди ал.

Ал эми айылдаш агасы Калдаралы Жарматовдун айтымында, Таалайбек кандай жардам керек болсо телефон чалып айтып турат. Эгер өзү жардам бере албай калса айылдаштары жардам беришет.

Таалайбек Тойчубеков учурда дарылануу үчүн кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж.

Окуя тууралуу:

Turmush басылмасы 2017-жылдын август айында Таалайбек Тойчубеков жумушун жасатып жатканда кырсыктап, баспай калганда карабай койгон кошунасына нааразы экендигин жазган болчу.

Өзүнүн айтымында, 28-июнь күнү кошунасы Гүлсүнай Мисированын суранычы менен өрүгүн кагып жатып кулап кетип, 2 буту баспай калды. Өрүк кагып жатканда кошунасы аны кокусунан узун таяк менен уруп алып, ал 10 метр бийиктиктен кулап түшкөн. Бул боюнча милицияга кайрылганы менен чара көрүлгөн эмес. Азыр Жалал-Абаддагы майыптар үйүндө жатат.

«Бутума таяк менен урганда өрүктөн кулап түштүм. Омурткам сынып, 2 бутум баспай калды. Андан кийин Баткен облустук ооруканасына барып, 3 күн жатым. Ал жерден Ош облустук ооруканасына жаткырышты. Ош облустук ооруканасында жаткан учурда Гүлсүнай эже «мен өзүм карайм» деп, өзүмдүн үйүмө жеткирип, ошол бойдон менин ден соолугума карабай койду. Мен анын артынан жергиликтүү милицияга да кайрылгам. Бирок алар да менин ишимди карабай коюшту. Жоопко да тартылган жок. 1 ай кароосуз калып үйдө жаттым.

Жакында мени «жеке менчик ооруканага алып барабыз» деп Жалал-Абад облусундагы атайын майыптар үйүнө алып келишти. Мени иштеткен Гүлсүнай, Бүргөндү ооруканасында мени алдаган дарыгер, менин арызымды карабаган Бүргөндүнүн тескөөчүсү жоопко тартылуусун талап кылам. Мен майып эмесмин, бутум акырын иштеп жатат. Ошондуктан ооруканада жатып дарылансам, айыгып басып кетем. Мени учурда караган адам жок. Ага кошо акчам да жок. Жардам бере турган адамдардан жардам сурайм», - деген ал.

Ал эми, кошунасы Гүлсүнай Мисирова Таалайбек кырсыктап калгандан кийин ага колдон келген жардамын бергендигин айткан.

«Мен Таалайбектен өрүгүмдү кагып беришин сурангам. Андан кийин ал менин өрүгүмдү кагып жатып өрүктөн кулап кеткен. Ал өрүктөн кулаган убакта мен үйдө элем. Үйдөн чыксам эле кулап калган экен. Ошол эле замат тез жардам унаасы менен Баткен облустук ооруканасына алып барып текшерттим. 3 күндөн кийин Ош облустук ооруканасына алып барып, операция кылдырып дарыланып чыккандан кийин өз үйүнө алып келип карап жүрдүм. Азыр үйүндө шарт жок, карай турган адам болбогондуктан Жалал-Абад облусундагы атайын майыптар үйүнө жөнөткөнбүз. Мен колумдан келгенин кылдым. Ушул күнгө чейин кеткен каражаттардын баарын каржылап бердим. Жардам бере турганымды кылдым. Алар 5 бир тууган, чоңдору бирөөлөрдүн кызматын кылып жан бакса, калганы балдар үйүндө тарбияланып жүрүшөт. Аны карай турган адам жок», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×