Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Баткен облусуКадамжай району 07.12.2018 11:38 На русском

Фото — Кадамжайдагы мектептин аймагына дүкөн курулуп жатат. Маселенин чоо-жайы

Turmush -  Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы №4 Коксал Топтан атындагы мектебинин карамагындагы жерге тургундардын бири жеңил типтеги дүкөн тургузууда. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутатты Арапбай Кутпидин уулу билдирди.

Анын айтымында, дүкөн мектептин 33 чарчы метр жерине курулуп жатат.

«Дүкөн ээси Адылбек Нурмаматовго 2014-жылдын 29-декабрында айылдык кеңештин депутаттары тарабынан мектептин короосуна дүкөн коюуга уруксат берилген. Ага Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы документтерине кол коюп, өз уруксатын берген. Мектептин карамагына мыйзамсыз курулушка токтом чыгып, уруксат бериле берсе, анда мектептин жер аянтын жоготуп алабыз», - деди ал.

Дүкөндүн ээси Адылбек Нурмаматов курулуштун мыйзамсыз курулуп жатканын четке какты.

«Мектептин карамагындагы жерге убактылуу 6-3 тибиндеги контейнер коюп, дүкөн ачуу 2014-жылы айылдык кеңештин сессиясында чечилип, токтом чыгарылган. Бул тууралуу өкмөттүн токтому бар. Курулуш боюнча архитектура, мамкаттоодон уруксат алгам. Эгер мага «дүкөнүңдү алып сал» дешсе эч каршылыгы жок алып салам. Анткени бул убактылуу жеңил типтеги дүкөнчө», - деди Нурмаматов.

Көтөрмө айылынын башчысы Махмуд Токторов менен байланышканда ал курулуш убактылуу экенин жана анын документтерине кол коюлуп, токтом чыкканын тастыктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×