Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусуКадамжай району 07.12.2018 16:30

Кадамжайдын Кара-Жыгач айылында 26,6 млн сомго курулган бала бакча ачылды (видео)

Turmush -  Бүгүн, 7-декабрда Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында «Гүлү Кара-Жыгач» бала бакчасы салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Гайбуллаевдин айтымында, 100 орунга ылайыкташтырылган бала бакчанын курулушу 2015-жылы башталган. Заманбап типте курулган имарат көмүр менен жылытылат. Анын жалпы сметалык баасы 26 млн 697 миң сомду түзгөн. Ата-энелер тарабынан 348 миң сом, жеке демөөрчү тарабынан 2 млн 349 миң сом, ишканалардын биринен 24 млн сом каржыланды. Учурда бул бала бакчадагы 4 тайпада 110 бала тарбияланууда.

«Бүгүнкү күндө район аймагында жалпы 6 миңдей бала бакчага барат. Бул мекеме райондогу 44-бала бакча болуп ачылды», - деди ал.

Мурдагы вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова баш болгон чиновниктер, жергиликтүү тургундар катышкан иш-чаранын жүрүшүндө жаш балдар тарабынан даярдалган концерттик программалар тартууланды.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×