Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусуКадамжай району 11.12.2018 10:43

Кадамжайдын Халмион айылында 3,5 млн сомго 1 км ашык канал курулду (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Халмион айылында 1 км 170 метрден ашуун каналдын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

Халмион суу пайдалануучулар ассосиациясынын башчысы Дүйшөнбек Орозбаев билдиргендей, каналды куруу үчүн жалпы 3,5 млн сом сарпталган. Анын 1,5 млн сомун эл аралык фонддордун бири, 400 миң сомун айыл өкмөт, 1,5 млн сомун Халмион суу пайдалануучулар ассосиациясы каржылады. Бул канал менен 500 гектар аянтка суу жеткирилип жатат.

Ушундай эле канал Халмион айыл аймагынын Таш-Дөбө, Жоошу айылында да курулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×