Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусуКадамжай району 11.12.2018 12:25

Кадамжайдын Халмион айылында 100 орундуу бала бакча иштей баштады (фото)

Turmush -  Кечээ, 10-декабрда Кадамжай районунун Халмион айылында 100 орундуу «Жылдызча» бала бакчасы иштей баштады.

Бала бакчанын жетекчиси Мохида Разамова билдиргендей, мекеменин курулуш иштери 2016-жылы башталып, 2 жыл аралыгында бүттү. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 13 млн сом, элдин эсебинен 1 млн сом бөлүндү. Айыл көп улуттуу болгондуктан бакчада кыргыз жана өзбек улутундагы балдар тарбияланууда. Бала бакчанын ачылышы менен анда 11 жумуш орун түзүлдү. Кечээ күндөн тарта 50дөй бала кабыл алынды.

«Буга чейин айылда бакчанын жоктугунан жаш балдарыбызды үйдө тарбиялачубуз. Эми бакча ачылып, баарыбыз үчүн жакшы болду. Балдардын ой жүгүртүүсү дагы өсүп, элдин керегине жараган инсандар тарбияланат. Мен азыр неберелеримди алып келдим», - деди айыл тургуну Убадилла Отажанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×