Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Баткен облусуКадамжай району 12.12.2018 07:49 На русском

Кадамжайдын эң алыскы Аустан айылында электр көйгөйү чечилди (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районундагы Майдан айыл аймагынын эң алыскы Аустан айылында трансформатор коюлуп, электр жарыгы боюнча маселе жөнгө салынды. Бул тууралуу элеттиктер билдиришти.

Маалым болгондой, жергиликтүү жашоочулар кошуна айылдардан 5-6 км алыстыктан электр чубалгыларын тартып алышкан. Бирок кубаттуулук төмөн болуп, жарыкты пайдаланууда кыйынчылыктар болгон.

«Мектепке барган балдарыбыз кечкисин тапшырмаларын аткара алышчу эмес. Жылытуу системаларын орнотолу десек аны электр кубаты такыр эле көтөрө алчу эмес. Эми көйгөй чечилди», - деди Аустан айылынын тургуну Анарбай Жоробаев.

Майдан айыл аймагынын башчысынын орун басары Исак Калбаевдин айтымында, аустандыктардын көйгөйүн чечүү үчүн жергиликтүү бийлик атайын долбоор жазып, быйыл айылга трансформатор, 22 даана электр мамысы алынган. Анын жыйынтыгында Аустандын 50 тургуну электр энергиясы менен камсыз болду. Ал үчүн Кадамжай райондук өнүктүрүү фондунан 470 миң сом, айыл өкмөттөн 50 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×