Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Баткен облусуКадамжай району 13.12.2018 15:12

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн эли ашар жолу менен мечит куруп жатышат (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Тажик-Кыштак айылында ашар жолу менен мечит курулуп жатат. Анын курулушу жыйынтыкталса айыл өкмөттөгү 23-мечит болот.

Аталган мечиттин имамы Мурадыл ажи Файзидиновдун айтымында, анын курулушу ушул жылдын август айында башталган.

«Буюрса заманбап типтеги мечит болот. Бизге бейөкмөт уюмдар тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлүүдө. Ал эми курулушту эл ашар жолу менен жүргүзүп жатат. Курулуш март-апрель айларында бүтүп калат. Мечит колдонууга берилгенден кийин кыргыз, тажик, өзбек улутундагы тургундарга бирге намаз окууга шарт түзүлөт», - дейт ал.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмотжан Абдрахманов билдиргендей, айыл аймакта көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Ал эми калкынын саны 4 миң адамды түзөт.

«Негизинен кыргыз, өзбек жана тажик улуту басымдуулук кылат. Буга чейин ашар жолу менен курулган анча чоң эмес эски мечит бар болчу. Азыр аны бузуп, ордуна жаңысын куруп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×