Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусуКадамжай району 23.12.2018 16:24 На русском

Видео: Кадамжайда Шамбесай кенинин тагдырын талкуулашты

Turmush -  Кадамжайдын Майдан айыл өкмөтүндөгү Кара-Жыгач айылында 22-декабрда Шамбесай алтын кенине байланыштуу коомдук угуу өттү. Буга чейин жергиликтүүлөр бул чогулушту пландашкан.

Жыйынга Мамлекеттик өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов, ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниматов, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев, Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жылдыруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шумкарбек Адылбек уулу, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, район акими Жаныбек Исаев жана айыл өкмөт башчы, жергиликтүү жашоочулар катышты.

А.Халмурзаевдин айтымында, кен иштетилип баштаса экологияга зыян келтирилбеши керек. Ошондой эле чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мигранттардын көбү Баткен облусунун жашоочулары экенин белгиледи.

«Райондун аймагында жумуш орундарын түзүү приоритеттүү багыт болуп эсептелет. Хайдаркен сымап комбинатына 400гө жакын жашоочу жумушка орношту. Кызыл-Кыяда тамеки заводунун ачылышы күтүлүп жатат, анда дагы жергиликтүүлөр иштешет. Ишканаларды ачуу зарыл, бирок алар элге зыян келтирбеши керек», - деп белгиледи облус жетекчиси.

Ал эми Кара-Жыгач айылынын тургуну, аксакалдар кеңешинин төрагасы Батыров региондо Шамбесай кенинен башка дагы көйгөйлөр бар экенин айтты.

«Шамбесай алтын кенинин иштеши өлкөнүн келечектеги өнүгүшүнө кандай салым кошо алат? Көп талкуунун кереги жок, иштетүү же иштетпөө маселесин гана чечүү керек», - деди ал.

2017-жылдын февраль айында «Шамбесай» долбоорунун жаңы демөөрчүсү «Тианди Интернэшнл Майнинг Компани Лимитед» компаниясы болгону маалым болгон.

2017-жылдын январында «Z-Explorer» ЖАК толугу менен «Тианди Интернэшнл Майнинг Компани Лимитед» (Tiandi International Mining Co. Limited) компаниясы тарабынан каржыланган. Бул компания Кытай Эл Республикасынын Кытайда жана анын аймагынан сырткары кендерди иштетүү менен алектенген «Гуйчжоу Геоложикал жана Минерал Ресоурсес Девелопмент Компани Лимитед» (Geological and Mineral Resources Development Company Ltd.) мамлекеттик ишканасына тиешелүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×