Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Баткен облусуКадамжай району 31.12.2018 09:34

Кадамжайда аткезчилер кармалды

Turmush -  Чек арачылар Баткендин Кадамжай районунан аткезчилерди кармашты. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, шектүүлөр Кыргызстандын жарандары.

28-декабрда Канды аймагынан кармалган жарандар Кыргызстандан Өзбекстанга «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаага 10 даана Yasin сыналгысын жүктөп, Кыргызстандан Өзбекстанга алып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок чек арадагы көзөмөл пункттан башка аймактан өтүүгө аракет кылган адамдарда уруксат берүүчү тиешелүү документтери болгон эмес.

Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тактоо, териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Аткезчилик товар

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×