Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусуКадамжай району 18.01.2019 10:14

Акыркы суткада өлкө аймагында 10 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө жалпы 10 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 18-январда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Баткендеги Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Чекелик айылындагы үйдө өрт чыккан. Анын кесепетинен турак үйдүн 24 чарчы метр шыбы күйүп кетти. Адамдар жабыркаган эмес, учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле мешти пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушунан улам Нарындагы Жумгал районунун Чаек айылында турак үйдө өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен от жагуучу бөлмөнүн 8 чарчы метр шыбы күйгөн. Адамдар жаракат алган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×