Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусуКадамжай району 15.02.2019 10:23

Кыргыз-өзбек чек арасынан кармалган аткезчилер качып кетишти

Turmush -  Кыргыз-өзбек чек арасынан аткезчилик жол менен товар ташып өтүүгө аракет кылган адамдар кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, алар 12-февралда Кадамжайдагы Жаңы-Жер аймагында колго түшүрүлгөн.

Кыргызстандын аймагына көзөмөл пункттан тышкаркы аймактан жез алып кирүүнү каалаган Өзбекстандын жарандары унаасын таштап, өздөрү Өзбекстандын аймагына кирип кетүүгө жетишкен. Ал эми унаадан 365 килограмм же 119 миң сомго бааланган жез табылды.

Материалдар УКМКнын аймактагы бөлүмүнө берилип, тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×