Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусуКадамжай району 01.03.2019 15:06 На русском

Кадамжайдагы шахтада 35 жаштагы адам газга ууланып каза болду

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Боз айылындагы шахтада 35 жаштагы адам газга ууланып көз жумду. Окуя кечээ, 28-февралда саат 14:00 чамасында болгон.

Баткен ОИИБ тастыктаган маалымат боюнча, шахтада маркумдан башка дагы 4 адам болгон. Маркум Ф.А. шериктери менен болжол менен 75 метр тереңдикке түшүп, өз алдынча көмүр казган. Анын жанындагы адамдар жабыркаган эмес. Алар Ф.А.ны Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына алып барышкан. Бирок ал ооруканага жеткенге чейин эле каза болуп калган.

Маркумдун эжеси эч кимге доосу жок экенин айтып, денени соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартты. Ал эми аталган көмүр шахтасы көп жылдардан бери иштетилбей турган.

Учурда Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүрүп жатат.

Үч-Коргон айылы менен Кызыл-Кыя шаары чектешет. Окуя болгон шахта Кызы-Кыя шаарына жакын аймакта жайгашкан.

Село Боз

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×