Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусуКадамжай району 01.03.2019 18:10

Кадамжайдагы эски шахтада акыркы 1 айда эки адамдын өмүрү кыйылды

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Боз айылындагы мыйзамсыз казылып жаткан шахтада акыркы бир айда 2 адам каза болду. Бул маалыматты ӨКМдин Үч-Коргон айыл аймагындагы кызматкери Сабыржан Кадыров тастыктады.

Анын айтымында, 28-февралда аталган айылдагы эски шахтада 75 метр тереңдикте көмүр казып жаткан 35 жаштагы Ф.А. газга ууланып көз жумган. Буга чейин 20 күн мурун ошол эле шахтада 38 жаштагы адам көмүр алып чыгып бара жатканда аркан үзүлүп, чуңкурга түшүп кетип каза тапкан.

«Аталган жерде 60тан ашык көмүр шахтасы бар. Бул жайларды Кызыл-Кыя шаарынын, Ноокат районунун жана Боз айылынын тургундары иштетип келишет. Жалпы 200дөн ашык жашоочу иштейт. Тактап айтканда, ар бир көмүр казылуучу жайда 5-6 адам эмгектенет. Бул көмүр шахтасы союз учурунда иштетилип, СССР тарагандан кийин ишин токтоткон. Көмүр шахтада иштөө абдан кооптуу. Аталган жайда жергиликтүү бийлик тарабынан коопсуздук боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Буга карабай көмүр казуучулар өз ишин токтотушпайт.

Өткөн жылы да 1 адам каза болгон. Жергиликтүү бийлик электр чубалгысын үзүп, көмүр казгандардын ишин токтоткон учурда алар Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын алдына митинге чыгышкан. Алар жумуш таап берүүнү же көмүр казууга тыюу салбоону суранышкан эле. Көмүр казуучулар иштеп жаткан учурда кандай окуя болсо да өздөрү жооптуу экенин айтып, кол коюп беришкен. Алардын биринин да көмүр казууга лицензиясы жок. Ошондуктан жергиликтүү бийлик эски шахтаны жабууну көздөп келет. Бул жайды жабуу боюнча өкмөттүн токтому да чыккан. Шахтаны жабуу аракеттери тынымсыз жүргүзүлүүдө», - деди ал.

Село Боз

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×