Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусуКадамжай району 12.03.2019 10:09

Кадамжайда от менен ойногон балдар сарайды өрттөдү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 10 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 12-мартта ӨКМдин басма сөз кызматы.

Баткендеги Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагына караштуу Сур айылында сарайдан өрт чыкты. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 35 чарчы метр чатыры жана саман күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Өрттү от менен ойногон балдар тутанткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×