Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусуКадамжай району 20.03.2019 12:14 На русском

Кадамжайдагы жол кырсыктан 1 адам каза болду

Turmush -  Кечээ, 19-мартта Кадамжай районунда 2 унаа кагышып, анын кесепетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 20:30 чамасында Ош—Баткен унаа жолунун Орозбеков айыл аймагында Күлдү айылындагы 148-чакырымында болгон. Жүк ташуучу «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны Баткендин Боз-Адыр айылынын 1997-жылы туулган тургуну А.Э. башкарып бара жаткан. Ал Айдаркенден чыгып, Кадамжай шаарына бара жатканда Нарын облусунун 1979-жылы туулган тургу А.А. башкарган «ВАЗ 2121» үлгүсүндөгү унаа менен бетме-бет кагышкан. «ВАЗ 2121» унаасынын айдоочусу алган жаракатынан улам ошол жерде мерт болгон.

Аталган факты боюнча, соттук-медициналык, соттук-техникалык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×