Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусуКадамжай району 28.03.2019 15:52 На русском

Кадамжайдагы операция учурунда аткезчилик жол менен келе жаткан тамекилер табылып, мурда издөөдө жүргөн адам кармалды. Видео

Turmush -  26-27-март күндөрү Кадамжай районунда жүргүзүлгөн «Разбойник» операциясы учурунда Бүргөндү айылынан Тажикстандан аткезчилик жол менен алынып келе жаткан тамекилер табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы баасы 720 миң сомдук тамекилер (жалпы 10 миң куту болгон) Тажикстандан контрабандалык жол менен келе жаткан. Топтолгон материалдар Кадамжай РИИБде катталып, текшерүү жагы Экономикалык кылмыштуулука каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

«Разбойник» операциясынын жүрүшүндө 1999-жылы уурулук жасап, Бишкек шаарынын Ленин РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн 44 жаштагы Ю.А. аттуу адам Ак-Турпак айыл аймагынын Миң-Чынар айылынан кармалды. Мындан тышкары мас абалдагы 3 айдоочу кармалган. Аларга протоколдор түзүлүп, унаалары айып короого киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×