Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусуКадамжай району 02.04.2019 11:36 На русском

Кадамжайда чек арадагы зым тосмону кесип, 1 млн сомдук буюмдарды алып өткөн адамдар кармалды. Сүрөт

Turmush -  30-мартта Кадамжай районунда аткезчилик жүктөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кадамжай РИИБ менен ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкерлери атайын рейд жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында кыргыз-өзбек чек арасындагы зым торду кыркып, аткезчилик жол менен жүк алып өткөн адамдарды колго түштү. Эки мамлекеттин жарандары түн ичинде мыйзамсыз 50 даана сыналгыны, жалпы баасы 1 млн сомго жакын үй тиричилик буюмдарын өткөргөнү аныкталды. Бул факт Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү жагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Мындан сырткары рейддин жүрүшүндө мас абалдагы 2 айдоочуга протокол түзүлдү. 2 унаа тиешелүү документтери жоктугуна байланыштуу айып короого киргизилип, бир унаанын терезелери караңгылатылган чаптамасы алынып салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×