Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусуКадамжай району 08.04.2019 11:45 На русском

Кадамжайда Өзбекстанга 140 миң сомдук товар ташып бара жаткан жигит кармалды. Видео

Turmush -  5-апрель күнү түнкү саат 21:00 чамасында Кадамжай районунун Марказ айылындагы чек арадан Өзбекстанга аткезчилик жүк алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу чек арачылар билдиришти.

Маалыматка караганда, «Марказ» чек ара заставасынын чек арачылары жүк ташып бара жаткан кыргызстандык жаранды Көк-Талаа каналынын жанынан кармашкан. Ал Өзбекстандын Жавагы айылында туулган, Марказ айыл өкмөтүнүн Достук айылынын 1992-жылы туулган тургуну З.Э. экендиги такталды. Шектүү жигит «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаасына 16 даана чаң соргуч жана «Авангард» үлгүсүндөгү 5 даана муздаткыч ташып бара жаткан. Ээсинин айтуусу боюнча аткезчилик жүктүн жалпы баасы, 139 миң сомду түзөт (муздаткычтардын ар бирин 15 миң сомдон, чаң соргучтарды 4000 сомдон сатып алган).

Кармалган жүк Кызыл-Кыя шаарындагы Бажы кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×