Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 19.04.2019 08:21 Жаңыланды: 19.04.2019 18:32 На русском

Мекендештер: Корей мырзага турмушка чыккан апасынын артынан барган Мадинанын окуясы

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 19 жаштагы Мадина Бердигулова. Ал Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Учурда Түштүк Кореянын Тэгу шаарында окуп, иштейт. Turmush басылмасынын кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, анын апасы 9 жыл мурун Кореянын жаранына турмушка чыккан. Алар Кыргызстандан таанышып, үйлөнгөндөн кийин Түштүк Кореяга кетишкен.

«Ата-энем мен кичинекей кезде эле ажырашып кетишкен экен. Бир иним бар. Мен айылда чоң апамдын колунда тарбияландым. Апам 9 жыл мурун чет өлкөлүк жаранга турмушка чыгып, алар Кореяга кетишкен. Мен окууну аяктагандан кийин апамдын артынан келип, акыркы 3 жылдан бери Тэгу шаарында жашап жатам. Тэгу Кореядагы эң чоң шаарлардын ичинен 3-орунду ээлейт. Кышында суук, жайында ысык болот. Жамгыр көп жаайт.

Алгач келгенде бул жерге дароо көнүп кете алган жокмун. 3 айга жакын тамак-ашынан, тилинен абдан кыйналдым. Булар көбүнчө чочконун этин жешет экен. Башында Кыргызстанга кетким келүп жүрдү. Өзүм көнүп, орун алгыча бир жылдай кыргыздарды жолуктура алган жокмун. Андан кийин гана мекендештеримди таап, байланыша баштадым. Кээде өзбектерди көрүп калганда дагы бир тууганымды көргөндөй сүйүнчүмүн. Көнгөндөн кийин кыргыздар, өзбектер, орустар менен байланышып баштадым.

Мени таң калтырганы корей элинин бири-бирине кылган сый-урматы болду. Адамдары абдан сылык келишет. Бир нерсе сурасаң дароо түшүндүрүп берип, жардамын аяшпайт. Бош жүргөн бир дагы адамды көрбөйсүң, эмгекти сүйгөн калк экен. Эмгек менен гана ийгиликке жетүү мүмкүн экенин түшүндүм», - дейт Мадина.

Ал учурда кыйынчылыктарга карабай Кореяда жашап, окуп жатканына ыраазы экенин айтат.

«Апамдын колдоосу менен ушул жерге келип билим алып, тил үйрөнүп, башка элдин маданияты, жашоосу менен таанышып жатам. Бош убактым жокко эсе, саат 10:00дөн саат 15:30га чейин сабакта болом. Бошогондон кийин саат 21:00гө чейин иштейм. Андан соң машыгуу залына барам. Кээде кыргызстандык студенттер менен жолугам.

Азыр эгер Кыргызстанда болсом мындай билим албай калмакмын деп ойлойм. Анткени 17 жашымда турмушка чыгам деп жатканда апам алгач билим алып, бир кесиптин ээ болууну сунуштап, мени Кореяга чакырды. Азыр апамдын мындай кеңеши үчүн абдан ыраазымын. Эми тил үйрөнүп, жогорку окуу жайдан котормочу кесибине ээ болсом дейм. Кийин Корея менен Кыргызстандын ортосунда өз ара мамилелерди чыңдоо багытында иш алып барсам деген максаттарым бар. Ошондой эле бекем үй-бүлө куруп, балдарыма жакшы тарбия берүү негизги максаттарымдын катарына кирет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×