Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 21.04.2019 20:33 На русском

Сүрөт — Эң жаш жана сулуу кыргызстандык чоң энелер

Turmush -  Заманбап чоң энелер карьера менен үй-бүлөлүк жашоону бирге алып кетүүдөн тышкары неберелерин дагы тарбиялоого көмөк көрсөтүп келишет. Turmush басылмасынын кабарчысы жаш чоң эне статусуна ээ аялдарды тизмектеди.

Айзат Осмонбаева. Ал 42 жашта. Кесиби боюнча стилист-чачтарач. Якутияда иштейт. Анын 1,5 жаштагы небереси бар.

Чолпон Саитова. Ал 41 жашта. Кесиби боюча грим боюнча сүрөтчү. «Кентавр», «Курманжан датка», «Дарак ыры», «Апамды издейм», «Көк бөрү», «Сулайман-Тоо» жана башка тасмаларда иштеген. Ошондой эле телевидение жана театрда эмгектенген. Анын 1 небереси бар.

Гүлнур Баякунова. Ал 45 жашта. Учурда Ысык-Көл райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Ал 1 неберенин чоң энеси.

Салтанат Амалбекова. Ал 41 жашта. Жеке ишкерчилик менен алектенет. Бишкек шаарында иштейт жана бир небересин багууга жардам берип келет.

Гүлайым Алиева. Ал 48 жашта. Учурда үй кожойкеси. Анын 7 небереси бар.

Кенже Кененбаева. Ал 50 жашта. Жеке ишкерчилик менен алектенет. Бишкек шаарында жашайт. Анын 5 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×