Turmush — Манас районунун Манас айылынын 39 жаштагы тургуну Турсун Өмүралиева айылдагы эң жаш баатыр эне. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, өзү ушул эле райондун Нылды айылынын кызы. Манас айылын 2008-жылы келин болуп келген.
«Ошондон бери эле жолдошум экөөбүз талаа иштери менен алектенип оокат кылып келебиз. Жолдошум бизди багам деп колунан келген жумуштун баарын кылып иштеп келет. «Биз эң байбыз» деп айтып калат. Үйүбүз базар, балдардын күлкүсүнө толгон. 6 уул, 2 кыздын ата-энеси болдук», - деди ал.
Турсун айымдын уул-кыздары:
Нурболот 8-класс:
Каныкей 7-класс:
Эрали 4-класс:
Муса 3-класс:
Хадича башталгыч класс:
Азам 5 жашта;
Абдурахим 3 жашта;
Ахмат 1 жашта.
«Кичинемден көп балалуу болуу кыялым бар болчу. Балдарым көп болуп, ошолорго туура тарбия берип, мээрим төгүп, жакшы балалык күндөрүн тартууласам деп тиленчүмүн. Жолдошум дагы 10 бир тууган. 7 кайын эжем, 2 кайнагам бар.
Энелер үйдө балдарга жумшак сүйлөп, ден соолуктарын тилеп, туура тарбия берсек, жакшы коом түзүлөт деп ойлойм. Ошон үчүн ар биринин жүрүм-турумун карап, ар бир барган турган жерлерине көңүл бурам. Ар бир баланын кыялы, кызыгуусу, жашоого болгон көз караштары ар кандай болот. Ар биринин тилин табуу оңой эмес. Баары буйруса жакшы чоңоюп жатышат. Ар убак ошого шүгүр келтирем.
Кызыктуу, эс калган учурлар көп. Күн сайын эле бирөөсүнүн кылыгын көрүп, сүйүнүп, бактылуубуз. Кичүү баламды төрөгөндө, Манас районунан Таласка барып төрөдүм. Жол узак болгондуктан ооруканага жетип, бирок, төрөт бөлмөгө жетпей, жөнөкөй палатада эле төрөп алган элем. Менде толгоо деген болбойт. Бир аз ичим ооруп эле, жеңил төрөп алам. Анан палатада чогуу жаткан келиндердин толгоосун көрүп таң калгам. Алар болсо мага таң калышат. Балдарым дагы кичинекей кезинен жоош болуп, андай кыйнашкан жок.
Уулу балам кичинесинен эле тамашакөй эле, азыр деле күлдүрүп сүйлөйт. Аябай кыялкеч. 4 жашында үйдүн дубалын мык менен чийип салыптыр. «Эмнеге чийдиң?» деп урушсам унчукпай көпкө чейин туруп, анан «Дубалга короо салдым да. Кийин көп буканы ушул үйгө багабыз» деп коёт. 4 жаштагы баламды карап алып ошондо абдан күлгөм.
Бир күнү конок тосуп бошобой калсам, балам мага «сюрприз» кылам деп жаңы тууган уйду саап коёюн дептир. «Апа, уйду саап койдум» деп сүйүнүп келди. Барып карасам эле красканын идишине саап келген экен. Баламдын шагы сынып калбасын деп мактап койгом. Челектеги сүттү көрсөтпөй төгүп келген элем.
Бир күнү эшикте жумуш кылып жүрүп, үйгө кирсем Муса деген балам ыйлап отурат. «Бир майрамда атам жок, бир майрамда апам жок» деген ыр чыгарам» дейт. «Эмне болду, сабака бар» десем «Бүгүн апалардын майрамына барбайсызбы? Биз мектепте сиздерге концерт коёбуз» дейт. Мен тиричилик деп жүрүп, майрамды деле унутуп калыптырмын. «Жылда 23-февралда атам жумушта болуп калат. Сиз болсо 8-март майрамыңызды унутуп койдуңуз» деп өкүрүп ыйлап алыптыр. Ошондо баламдын ата-энеге болгон кусалыгын, таарынып калганын көрдүм. Андан кийин бир дагы ачык сабактарын калтырбаганга аракет кылам (күлүп)», - деди ал.
Баатыр эне буга катар эле жолдошу экөөнүн ысымдары жөнүндө айтып берди.
«Биздин үй-бүлөдөгү эң кызыктуу нерсе — бул биздин жолдошум экөөбүздүн ысымдарыбыз. Жолдошум эгиздин түгөйү болгондуктан, кыз түгөйүн Гүлзат деп коюп, жолдошумдун атын Нурзат деп коюшкан экен. Жолдошумдун ысымын башында укканда таң калгам. Азыр көнүп калдым. Ал эми меники тескерисинче Турсун деп коюлган. Мен 7 айлык болуп төрөлүп, 1 ай вакуумда жатыптырмын. Анан атам «туруп, адам болуп кетсин» деп Турсун деген ысым ыйгарыптыр.
Жолдошум тамашалап, «үйдүн аялы дагы, куту дагы, эркеги дагы сенсиң» деп коет. Анткени ал көп учурда жумушта болгондуктан балдардын бардык кем-карчын өзүм карап, иреттеп коем. Көп нерсени жолдошум байкабай деле калат. Анан «сен менин Турсунум эмес, Турсунайымсың» деп айтып калган. Кайын журтум Турсунай деп айтышса, өзүмдүн төркүнүм Турсун деп айтышат», - деди ал.