Turmush — Кыргыз ай эсеби ( календары) боюнча 28-февралдан баштап, «Кийиз аяз» мезгили башталды. Кыргыздар 40 күндүк кышкы аязды «Темир аяз», «Мүйүз аяз», «Кийиз аяз» деп үчкө бөлүшөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы иликтеп көрдү.
- Темир аяз — 8-январдан 18-февралга чейинки аралык.
- Мүйүз аяз — 19-февралдан 27-февралга чейинки аралык.
- Кийиз аяз — 28-февралдан 13-мартка чейинки аралык. Мындан сырткары, 28-февралдан 13-мартка чейин «Токсондогу чал» кетип, токсон чыгат деп коюшат.
Кочкор районунун Кара-Суу айылында Эсенбай Кудаяр уулу деген эсепчи 1850-1941-жылдары жашаган. Анын эсеби боюнча: «Кемпир ыйлаак» — 20-26-февралда келип, кемпир борошолотуп кар жадырып, муз тоңдуруп суук кылып титиретип үшүтүп, жүдөтүп чыкса “Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп, үшүк жүрбөйт” дечү экен. Эгер кемпир ыйлак 20-26-февраль күндөрү ичинде борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса “Силердиби, мени кетти дебегиле, 40 күндө, ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз” деп кекенип кетет экен. Апрелде, май айларында кар жаап үшүк жүргөндү кыргыздар “Оңбогон ыйлаак кемпирдин бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти” дешет экен.
26-февралдан 11-мартка чейин «Токсондогу чал» кетет. Бул мезгилде бирде күн жылуу болсо, бирде сары карлап, бирде жамгырлайт. Муну “Токсондогу абышка онтоп ары-бери бир ыптасынан экинчи ыптасына оодарылып жатат” деп, 11-марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот» деп айтчу экен.
Көпчүлүк эсепчилердин айтуусуна таянсак «Токсон» 13-декабрдан 13-мартка чейин созулат. «Токсон» же болбосо «Кийиз аяз» 13-мартта аяктайт. Ушул 13-марттан баштап «Экинчи токсон» башталат (кээ бир айтымдарда 18-март). «Экинчи токсон» 13-июнга (18-июнь) чейин созулуп, «Жаз чилдеси», «Баар» деп аталат.
22-мартта күн-түн теңелип, 23-марттан баштап күн узара баштайт. Бул мезгил «Нооруз» деп аталат. Ошентип 13-марттан баштап жаз келди деп эсептелет.
★★★★★★★★★★★★
«Каңтар» жана «Үт» тууралуу маалымат
Эзелтен келе жаткан ай санагы боюнча 27-январь «Каңтар» күнү. Башкача айтканда, чилденин түшкөнүнө 20 күн болгон күн. Ай эсеби менен алганда токсон 13-декабрда, чилде 8-январда түшөт. Ошондо «Каңтар» деген кыштын (токсондун) түшкөнүнө 45 күн, чилденин түшкөнүнө 20 күн болуп кыштын теңи эң суук күндөрү бүттү. Эми экинчи жакка каңтарылды (оодарылды) дегенди түшүндүрөт.
Башкача айтканда, кыштын эң суук чыкылдаган каарлуу мезгили чилденин темир аязы кетти, кыш жана чилде каңтарылды, сууктун мизи басаңдады, кетти десек болот. (Каңтар — каңтарды, оодарды, оодарылды дегенди түшүндүрөт).
Кыргыздар «Каңтарга чейин күн арышы карга арымындай, каңтардан кийин күн арымы атандыкындай» деп коюшат. Карга арымындай дегени карганын басканына салыштырганы, атандыкындай дегени, атан төөнүн басканына салыштырганы. Мындан ары күн дагы тез узара баштайт дегени.
Казактар январь айын «каңтар айы» деп аташат. Каңтар бир эле күндүк суук күн. Кыш чилдесинде кар аз жаайт, жааса да каңтардан кийин жаайт деген кеп бар.
Илгери кыргыздар каңтар болду деп карындагы катып койгон сары майын ачып, ысык нанга сүйкөп, сүрсүгөн эт, чучуктарын салып, куруттан эзип ак серке жасап, балдары менен жешкен экен.
Эми 28-январдан 11-февралга чейин 15 күндүк «Үт» деп аталат. Үт мезгилинде көпчүлүк аймактарда калың кар жаап, жаан-чачын күндөргө туш келет. Ата-бабаларыбыз «жакшылыгына алса үт, жамандыгына алса жут» деп коюшкан. Кар мол жааса «үт келди», аз жааса «жут келди» деп коюшкан.
★★★★★★★★★★★★
Кыш чилдеси жана анын бөлүнүшү
Кыш чилдеси 40 күн, 40 түн болот. Кыш мезгилиндеги эң кыска күн 20-декабрь, ал эми 21-декабрга караган түнү эң узак түн болот. Андан кийин акырындык менен күн узара баштайт. Түн болсо кыскарат.
Астрономиялык изилдөөлөр боюнча күн экватордук сызыктан алыстап, эклиптиканын түштүк уюлун карай оогон маалда катуу суук болот. Кыргыз элинде бул күндү «чилденин кабары» (белгиси) деп коёт. Чилде өзү кыштын пири аталып, алтыга бөлүнөт. Аны уламыштарда чилденин алты жоокери деп коюшат.
Биринчиси — «Кырдач», ал 8-январдан 13-январга чейин болот.
Экинчи алты күндүк 14-19-январга туш келет.
Үчүнчү алты күндүк «Жетенин жети уулу» деп, 20-26-январга чейин болот. Бул чилденин эң суук күндөрү.
Төртүнчүсү — «Каңтар», 27-январда болот. «Каңтар» дегени чилденин 20 күнү өтүп, эми аркы бетине каңтарылып (оодарылып) өттү дегенди билдирет.
Бешинчиси — 28-январдан 11-февралга чейинки күндөр «Үт» деп аталат. Үт мезгилинде көпчүлүк аймактарда калың кар жаап, жаан-чачын күндөргө туш келет. Ата-бабаларыбыз «Жакшылыгына алса үт, жамандыгына алса жут» деп коюшкан.
Алтынчысы — 12-февралдан 17-февралга чейинки 6 күндүк «Апкыт-сапкыт алты күн» деп аталат. 18-февралда болсо чилде толук чыгып бүтөт. Ошентип кыш чилде 8-январда толук кирип, 18-февралда чыгып бүтөт.
Кыргызда «Токсон кетпей, тоң кетпейт» деген сөз бар. Токсон мезгили 13-декабрдан 13-мартка чейин созулат. Токсондун башы 13-декабрдан 8-январга чейинки учур, ортосу 8-январдан 18-февралга чейинки учур, акыркы мезгили 18-февралдан 13-мартка чейинки учур. Ошентип 13-мартта токсон чыгып, жер кыртышынын тоңу ээрийт. Чилде чыккандан кийин жааган карды сары кар деп коёбуз.
Жай чилдеси болсо 8-июлда башталып, 18-августта чыгат. Кыштын ызгаар күндөрү кыш чилдеси, жайдын аптаптуу ысык күндөрү жай чилдеси болот.
Инфографика:
