Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 25 жаштагы Гүлзирек Алмасбекова. Ал азыркы тапта Кайман аралдарында жашап, иштеп жаткан учуру. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Гүлзирек 2000-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында төрөлгөн. Анын жашоосу бала чагынан тарта көчүп-конуу менен коштолгон. Үй-бүлөсү кийин Норвегияга көчүп барып, ал жакта болжол менен 4 жыл жашаган. Андан соң Кыргызстанга кайтып келип, ал кыз-келиндер үчүн ачылган «Айчүрөк» түрк лицейинде окуусун уланткан.
Лицейди бүткөндөн кийин келечегин ашпозчулук тармагы менен байланыштырууну чечип, Малайзиядагы «Le Cordon Bleu» окуу жайына тапшырган. Окуу ага кесиптик ашкананын негиздерин, тартипти жана эл аралык деңгээлдеги жайларда иш баштоого керек болгон тейлөө стандарттарын терең өздөштүрүүгө жардам берген.
Окуусун аяктагандан кийин Алмасбекова «Four Seasons» мейманканасынын алдындагы «Nobu» ресторанында стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алган. Бул этап анын кесиптик калыптанышында маанилүү орунду ээлеген. Ал заманбап жапон ашканасынын ыкмалары менен таанышып, жогорку деңгээлдеги мекемеде иштөөнүн талаптарын өз көзү менен көргөн.
Кийинчерээк шеф-ашпозчунун сунушу менен Алмасбекова карьерасын Катардын «Nobu» ресторанында уланткан. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан маалда ресторан жогорку жүктөм шартында иштеп, дал ошол жерде Гүлзирек эл аралык командада жана ыкчам темпте иштөөнүн тажрыйбасын алган. Анын айтымында, мындай практика ар бир майда-бараты маанилүү.
Кийинки баскыч «J-1» программасы болуп, анын аркасында Алмасбекова АКШга көчүп барып, Калифорния штатынын Санта-Барбара шаарындагы «The Ritz-Carlton» мейманканасында иштей баштаган. Бир жыл ичинде кесиптик тажрыйбасын кеңейтип, сервис маданияты менен жакындан таанышкан. Ошондой эле өлкө боюнча саякаттап, ар кайсы аймактардын гастрономиялык өзгөчөлүктөрүн жакшыраак түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Кийин аны Кайман аралдарындагы «The Ritz-Carlton», «Cayman Islands» мейманканасына ишин улантууга чакырышкан. Бул мейманкана аймактагы эң абройлуу жайлардын бири катары эсептелип, «Triple Five-Star» сыйлыгына ээ болгону, ошондой эле өткөн жылы алынган «Michelin» ачкычтары бар экени айтылды.
Кайман аралдары — чакан, тынч жана коопсуз жер. Ал жактагы негизги жашоо туризм, мейманкана бизнеси жана тейлөө тармагы менен тыгыз байланышкан. Аралдын аймагы чакан болгонуна карабастан, ашкананын жана сервистин деңгээли жогору бойдон калууда.
Ал өзүнүн карьерасындагы эң татаал учурлар катары үй-бүлөдөн алыс жашоону, ар дайым жаңы өлкөлөргө жана маданияттарга көнүп-адаптация болууну, ошондой эле кесиптик ашканада жогорку темпте иштөөнү атап өттү. Жетишкендиктеринин катарында Гүлзирек «Nobu» жана «The Ritz-Carlton» сыяктуу белгилүү жайларда иштөө тажрыйбасын, ошондой эле Кариб аймагындагы эң мыкты ресторандардын бири катары саналган «Blue» ресторанына тандоодон ийгиликтүү өтүшүн белгиледи.
Бош убактысында Гүлзирек океандын жээгинде сейилдөөнү, спорт жана йога менен машыгууну, сүрөткө тартууну жана эс алууну жакшы көрөт. Келечекте ал кесибинде мындан ары да өнүгүүнү пландап, өзүнүн жеке ресторанын же наабайканасын (пекарня) ачып, эл аралык тажрыйбасын жана жогорку ашканага болгон сүйүүсүн бириктирүүнү кыялданарын айтат.