Turmush — Кадамжай районунун Ак-Турпак аймагында Чогорок аттуу чакан айыл бар. Аймактык кабарчы анын таржымалын сураштырды.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, сары тейит уруусунун курамындагы чогорок деген урук бар. Бул уруу жөнүндө тарыхый эмгектерде да айтылат. Захириддин Мухаммад Бабур өзүнүн «Бабурнама» аттуу эмгегинде XV кылымдын аяк чениндеги көчмөн уруулар арасында чогорок урусун да эскерип кеткен. Анда Андижан аймагындагы көчмөндөрдүн арасында «чограк» аттуу уруу бар экени, ал ири уруу болуп, 5-6 миң түтүндөн турарын айткан. Алар Кашкар менен Фергана өрөөнүнүн ортосундагы тоолорду мекендешерин, жылкысы көп болуп, өгүз ордуна кутас (топоздун бир түрү) багышарын эскерген деп айтылат.
Ошондой эле айрым маалыматтарда чогорок уруусу XIII кылымдын башында Хорезм шахтарынын кошуунунда болуп, моңголдордун чабуулдарында Афганистан жана Пакистан тарапка жылышканы белгиленет.
Чгорок уруусунун аталышы эки мааниде айтылып келет. Чогорок сөзү «чагыр, чакыр, нөкөр же хан сарайынын сакчысы» деген маанини берет дешет.Аны менен бирге «чогор» деген бүркүт, «ок» уруу, эл деген мааниде чечмелениши мүмкүндүгү айтылат.
Андыктан байыркы кыргыздардын бүркүткө жакындыгын эске алганда «чогорок» аталышы «бүркүт уруусу» же «бүркүт эли» деген мааниге жакындашы мүмкүн деген пикирлер да бар.
Азыркы учурда Чогорок айылы Кожошкен дарыясынын жээгинде жайгашып, 40тан ашуун түтүн жашайт. Жергиликтүү эл негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенет.