Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жеңиш айылынын тургуну Айнура Өмүрова 8 уулду тарбиялаган баатыр эне. Учурда ал Жаргылчак айыл аймагында социалдык кызматкер болуп эмгектенип, бош убагында кол өнөрчүлүк менен менен алектенет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Өмүрова Айнура Кубатбековна 1980-жылы 3-августта Жеңиш айылында туулган.
«Ата-энем чабан болгондуктан балалыгым тоо койнунда өттү. Сырт өрөөнүндө таза аба койнунда, улуу тоого чыгып, улардын, кайберендин этин жеп чоңойгон кызмын. Атам көп жыл Ала-Тоо колхозунун топозчусу болгон.
Көк шиберлүү Жети-Өгүздүн эң кооз жеринде чоңойгонума сыймыктанам. Ал кезде чабандын балдары атайы интернатта билим алчу. Мындан улам Барскоон айылында интернатта билим алдым. Анан сырт өрөөнүндө да интернат ачылды. Бирок бала аздыгынан эки жылдан кийин жабылып калган. Кайра Барскоон айылына интернатка келип, билим алдым.
2-классымдан атка минип, кой кайтарып, уй саап, сүт тартып, сары май сызгырып, таштан ташка секирип, шар аккан суунун жээгинде, дары чөптөрдү, гүлдөрдү терип, бактылуу балалыкта чоңойгом. Ата-энем айылга келгендиктен мектепти Жеңиш айылынын аяктадым», - дейт ал.
Каарманыбыз мектепти аяктагандан кийин көпчүлүк жаштар өңдүү Бишкек шаарына билим алууга жөнөгөн.
«Бишкек шаарында филармониянын алдындагы эки жылдык студияга барып тапшырып, Анарбек Ибраевдин окуучусу болдум. Студенттик кезде айылга келип, өзүбүздүн эле айылдашым Таалайга турмушка чыктым. Анан бала-чакалуу болуп, музыкалык окуумду улантпай калгам. Тай эжем Каракол шаарында жогорку окуу жайдын биринде мугалим эле. Ал дайыма аял заты билим алыш керектигин айтып, мага да "билим ал, айылда жөн эле жүрө бересиңби?" деп көп акыл айтчу. Анан К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктадым. Бул аралыкта уулдарымды катар төрөп, билим да алууга жетишип жаттым», - дейт ал.
Айнура айым 35 башында «Баатыр эне» наамын алып, 7 уулдуу болгон. 42 жашында 8-уулун жарык дүйнөгө алып келген. Баатыр эне болуп, кайын энесинин жолун жолдогонун айтат.
«Апам Гүлбүбү Керимбекова 11 баланын — 7 эркек жана 4 кыздын энеси. Учурда 84 жашта. Апам союз кезинде баатыр эне болгондуктан медалы таза алтын болгон экен. Анан менин жолдошума ырымдап, "ушул медалдан тиш салдырып ал" деп берген. Учурда абысындарым тамашага салып айтып калат, "мына апам алтын медалын Таалайга берген үчүн силер апамдын жолун жолдоп, 8 уулдуу" болдуңар деп. Апамдын батасы, анын акыл-насааты менен уулдарыбызды чоңойттук», - деди ал.
Уулдарына Аскат, Кайрат, Бекзат, Исламбек, Ынтымак, Гүлжигит, Умар, Мухаммед деген ысымдарды ыйгарышкан.
Жогорку билим алгандан кийин айылдагы маданият үйүндө иштеген. Анын 14 жылында маданият үйүн жетектеген.
«Бул аралыкта айылдагы апалардын башын бириктирип, Шайыр апалардын тобун түзүп, кыз-келиндер арасында сынактарды өткөрүп, көптөгөн маданий иш-чараларды уюштуруп турдум», - дейт ал.
Өмүрова Жаргылчак айылдык кеңешинин эки жолу чакырылышын депутаты, андан сырткары аялдар кеңешинин төрайымы, айылдык ден соолук комитетинин мүчөсү болуп эмгектенип келген.
Учурда Айнура айым 3 неберенин чоң энеси.
«Кудайдын буйругу менен кырк жашымда кайын эне болдум. Тун уулубуз, андан кийинки эки уулубуз үйлөндү. Учурда 3 келиним бар. Баарына Кудайга шүгүр кылып келем. Өзүбүздүн кызыбыз жок болсо да, Кудайым небере кыздарды берип кубантты», - дейт ал.
Бул аралыктарда неберелерин карашып үйдө болсо, акыркы 3-4 айдан бери Жаргылчак айыл аймагынын социалдык кызматкери болуп эмгектенип келет.
«Бул сооптуу иш. Жетим-жесир, багар-көрөрү жок, кары-картаңдар менен иш алып барабыз. Ар бирине жакшы мамиле кылып, ишибизди так алып барып, жардамыбызды берип турабыз. Кээ бир тагдырлар жүрөк оорутат. Кээ бир тагдырлар шүгүр кылууга чакырат. Башкысы калктын аярлуу катмарына кызмат кылып, колдон келген жардамыбызды берип, сооп ишти аркалаган менин жүрөгүмө жакын жумуш болду», - деди ал.
Ошондой эле акыркы эки жылдан бери райондогу уз келиндердин тобуна кошулуп, алар менен шырдак, кийизден ар кандай буюмдарды, сувенирлерди жасап келет.
«Өзүмдүн энем сырт өрөөнүндө жашап жүргөндө тери ашатып, андан тон, көлдөлөң жасачу эле. Анын жанында жүрүп тери ашатканды кичинемден үйрөнгөм. Энем териге айран сүйкөп жайып койсо, торпоктор, мал тепсеп кетпесин деп анын жанында отуруп, кургагыча кайтарчу элем. Мындан улам кичинемден түймө түйүп, кол өнөрчүлүккө жакын болдум.
Анан райондо иш-чараларда чогуу болуп жүрүп, таланттуу кыздар менен таанышып калдым. Алар менен азыр кийизден бардык буюмдарды жасайбыз. Көбүнчөсүн чет элден келген туристтер алышат. Аны менен катар аларга кыргыздын узчулугу боюнча мастер-класстарды көрсөтүп беребиз. Сувенир буюмдар 150 сомдон башталып, 20 миң сомго чейин сатылат. Кыргыздын ар бир буюмун, узчулук өнөрүн баалаган чет элдик меймандарды көргөндө кубанасың. Анан чет элдик коноктор биздин жаратылышты, ар бир тоо, суу-ташына суктанышат», - деп сөзүн жыйынтыктады каарманыбыз.