Turmush — Кадамжай районунда мыйзамсыз курал менен аңчылыкка чыккан жаран аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагына караштуу Таш-Коргон айылынын 50 жаштагы тургуну Х.У. уруксаты жок сайлуу ок атуучу курал менен Майдан айыл аймагындагы Пум жайлоосунда аңчылыкка чыккан.
Аталган факты Кадамжай РИИБдин Үч-Коргон милициясынын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталган.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») менен кылмыш иши козголуп, куралы алынды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.