Turmush — Кадамжай районундагы Орозбеков айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды.
Маалым болгондой, Аман Жалилов атындагы башталгыч мектебинин жаңы имараты 375 окуучуга ылайыкташкан. Жалпы сметалык баасы 270 млн сомду түзөт. Курулушту каржылоо президенттин резервдик фондунун каралган.
Курулуш иштери «GEO-TAL» (ГЕО-ТАЛ) ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «GEO-TAL» (ГЕО-ТАЛ) ЖЧКсы 2023-жылы 30-майда кайра каттоодон өткөн. Түзүүчүсү жана жетекчиси Мойдунов Суйунбай Камилович. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.