Turmush — Ош шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 23-декабрында Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Р.Л. ак түстөгү «BMW J30» үлгүсүндөгү автоунаасын 31 миң 700 АКШ долларга ээсинен баалап алып, акчасын 2025-жылдын 30-декабрында төлөп берерин айтып, убада кылган. Бирок унааны алып кеткенден кийин аны башка жаранга сатып жиберип, түшкөн каражатты жеке кызыкчылыктарына жумшап жиберген. Анын кесепетинен жабырлануучу — унаанын ээсине 31 миң 700 доллар өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) белгилери менен менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын тургуну Р.Л. кармалып, Ош шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.