Turmush — Баткен районунун Боз-Адыр айылынын 35 жаштагы тургуну Гүлбурак Бактыбай кызы 9 баланын апасы. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын көйгөйүн угуп кайтты.
Анын айтымында, эң улуу кызы 16 жашта. Фатима Муслима, Дариха аттуу 3 эм кыздары жакында 1 жашка чыгат. Жалпы 6 кыз, 3 уулдун апасы.
«Мен 1991-жылы Баткен облусунун Бөжөй айылында туулгам. 2009-жылы кошуна Боз-Адыр айылына келин болуп келдим. Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 17 жыл болуптур. Ортобузда 9 балабыз Алардын ичинен 3 эм кыздарым 2025-жылдын 30-апрелинде төрөлдү. Жакында 1 жашка толушат. Чоң кызым 16 жашта. Балдарыбыздын аралыгы 2 жаштан», - деди ал.
Каарманыбыз буга катар эле көп балалуу үй-бүлө катары аларга да жакшылап көңүл бурулса деген ниетин айтты. 3 эм кыздары төрөлгөндө айыл өкмөттөн 40 миң сом, райондук администрациядан 60 миң сом, сүйүнчү пулга 150 миң сом берилген. Мамлекеттен 23 миң сом жөлөк пул берилет.
«Ар бир балам — менин кубанычым, жашоомдун мааниси. Бирок көп балалуу үй-бүлө катары кыйынчылыктар көп. Өзгөчө турак жай, балдардын билим алуусу боюнча. Анткени балдарымдын алды студент болуп баштады. Аларды окутууга чамабыз жетпейт. Анткени жолдошум да, өзүм да азыр жумушсузбуз. Башка көп балалуу, 3 эмдердин ата-энелери сыяктуу мамлекеттен колдоо күтөбүз. Буга чейин 3 эмдерге батир берип, акчалай жардам берип жатышкан. Ушул мүмкүнчүлүк тегиз колдонулса дейм. Анткени бизде Баткенде да четки айылдарда да ушундай 3 эм төрөгөн, көп балалуу энелер бар.
Бизге да батир берип калса, балдарымдын шаарда жогорку окуу жайда окуусуна жардам болуп калмак. Балдарым да чоң-чоң максаттарды коюп, кыялданып өсүп жатышат. Ар биринин өзүнчө кыялдары бар. Чоң кызым шириндиктерди бышырып, кондитер болушту кыялданат. Үйдө торт, пирог бышырганды жакшы көрөт. Экинчи балам күрөшкө, футболго кызыгат, ийримдерге барат. Экинчи кызым «мен чоңойсом дүкөн ачам, биз дагы эч нерсеге муктаж болбой жашайбыз» дейт. Экинчи балам мектепте жакшы окуйт, «чоңойсом мал доктур болом» дейт. Калганы азырынча кичинекей. 3 эмге кыздарым каралашат. Кайын энем менен чогуу турабыз», - деди ал.
«Баатыр эне» орденин алууга кыздары 1 жашка чыгышы керек болгондуктан азырынча документтерин тапшыра элек.
Кызбурак айымдын уул-кыздары:
- Элчибекова Сафинура 2010-жылы туулган;
- Элчибеков Нурислам 2012-жылы туулган;
- Элчибекова Карина 2014-жылы туулган;
- Элчибеков Нуриман 2018-жылы туулган;
- Эличибекева Салиха 2020-жылы туулган;
- Эличибеков Нурсултан 2023-жылы туулган;
1 жашка чыга турган 3 эмдер:
- Элчибекова Фатима 2025-жылы туулган;
- Элчибекова Муслима 2025-жылы туулган;
- Элчибекова Дариха 2025-жылы туулган;