Turmush — Жалал-Абад облусунда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу өнөктүгүндө 8013 киши документин алмаштырган. Бул тууралуу президенттин иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Эрнис Телтаев маалымдады.
«Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү бекер алмаштыруу өнөктүгүнө биздин дубандын калкы да активдүү катышты. Тагырагы жалпы 8013 кишиге күбөлүктөр жаңысына алмаштырып берилген. Алардын ичинен 7388и жаңы үлгүдөгүгө алмаштырса, 276сы күбөлүктөрүн жоготуп алып алмаштырган. Бүгүнкү күнү да эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу жүрүп жатат», - деди ал.
Быйыл жыл башынан бери Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Жалал-Абад аймактык бөлүмү тарабынан жалпы 15 миң 25 айдоочулук күбөлүк берилген. Анын ичинен күбөлүктү 13 миң 499 киши алмаштырылса, 629 киши жоготуп алып мекемеге кайрылган. Ал жарандардын 9507си «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн кайрылып кезек алган.