Turmush — Сузак районунда салынып жаткан 6 бала бакчанын бешөөсү демөөрчүлөр тарабынан бүткөрүлүүдө. Бул тууралуу Сузак район акими Дамирбек Кулубаев билдирди.
Маалым болгондой, ал курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда бала бакчалардын тиешелүү документтерин кошо бүтөрүү зарылдыгы бар экенин айтты. Алардын курулушу менен катар тийиштүү документтери бүтпөсө кабыл алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыйналып калат.
Министр Орунтае тийиштүү мекеме жетекчилерине алардын документтерин бүтөрүп берүүгө көмөк берүү керектигин табышталды.
Сузак районунда 73 бала бакча бар. Анда 9400дөн ашуун бала тарбияланат.