Turmush — Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, майрамдык иш-чарага жергиликтүү тургундар, райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилиги, өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана меймандар катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө кыргыз элинин каада-салттарын, улуттук баалуулуктарын чагылдырган сахналаштырылган көрсөтүүлөр уюштурулуп, көрүүчүлөргө концерттик программа тартууланды. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, кол эмгектер элге тааныштырылды.