Turmush —
Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы жашоочулар тарабынан даярдалган сүмөлөктүн бетинде өзгөчө көрүнүштөр сүрөттөлдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымында, Вознесеновка айылындагы Пушкин көчөсүнүн жашоочулары Нооруз майрамына карата 13 килограмм буудай өндүрдү.
«Аны эт туурагыч аппараттан өткөрүп, 3 жолу таза жуудук. Андан соң ага 25 кг ун, 5 кг өсүмдүк майын, 3 кг таттуу кошуп, казандын түбүнө 30дай майда таш салып, 12 саат кайтаттык», - деди жергиликтүү тургун Гүлнара Саитова.
Ал эми сүмөлөк кайнаткандардын бири Ибадат Жолоева бүгүн, 22-мартта түндө кайнатылган сүмөлөктү ачканын билдирди.
«Кайнатылган сүмөлүктүн бетин ачтык. Анда Кыргызстандын картасы, ортосунда ыйык Ысык-Көлүбүз жана четинде Аллах деген жазуу, улуттук орнаменттер түшүптүр. Биз аны жакшылыкка жооруп, элибиздин бүтүндүгүнө, көлүбүздүн жана улуттук баалуулуктардын ыйыктыгына сыймыктандык», - деди ал.
Пушкин көчөсүнүн жашоочулары Нооруздун урматына 10 миң 500 сомго көчөнү шарлар менен кооздошту.