Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — үй-бүлөсү менен Америка Кошмо Штаттарында жашаган Дамира Мырзахматова. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде чет өлкөдөгү жашоосу жана кыйынчылыктар тууралуу айтып берди.
Дамира Мырзахматова 1989-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал Кыргыз экономикалык университетинин финансы жана кредит факультетин бүтүргөн.
Учурда Дамира айым үй-бүлөсү менен АКШнын Чикаго шаарынын четинде жашайт. Америкага алар жашоо шартын жакшыртуу жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө максатында келишкен. Бүгүнкү күндө мектептердин биринде ашканада эмгектенет. Жолдошу 1,5 жылдан бери трак драйвер болуп иштеп келет. Жубайлардын 3 кыз бар.
Анын айтымында, АКШда жашоо Кыргызстанга салыштырмалуу кымбатыраак болгону менен мүмкүнчүлүктөр жана айлык акы жогору. Ошондой эле адамдын өсүп-өнүгүүсү үчүн шарттар кеңири түзүлгөн.
«Бул жакта жашоо бат өтөт, тартип жана мыйзам катуу сакталат. Мага адамдардын убакытты так сактаганы жана системанын жакшы иштегени жагат. Элдери ачык, сылык, бирок ар ким өз иши менен алек», - дейт ал.
Дамира айымды өзгөчө таң калтырганы — бюрократиянын жогорку деңгээлде сакталганы жана бардык иштердин так уюштурулушу. Чет өлкөгө жаңы келген учурда тил маселеси, адаптация жана жалгыздык эң чоң кыйынчылыктардан болгон.
«Комфорт зонадан чыгуу абдан оор экен. Бирок убакыт өтүп, көнүп кеттик, шүгүр», - деп кошумчалады ал.
Азыркы учурда ал өзүн өнүктүрүүгө басым жасап, англис тилин үйрөнүп жатат. Бош убактысында видео тартып, блог жүргүзүүнү баштаган. Ошондой эле үй-бүлөсү менен убакыт өткөрүүнү жактырат. Келечекте Дамира айым ийгиликтүү ишкер болуп, өз бизнесин ачууну максат кылууда.
АКШдагы билим берүү системасы тууралуу да өз оюн бөлүштү. Анын айтымында, мугалимдер абдан сабырдуу жана тартиптүү. Балдарга катуу урушпай, түшүндүрүү жолу менен тарбия беришет. Окуучулар да сылык жана тартиптүү болушат.
«Кыргыздар бар, байланышып турабыз, бирок биз жашаган жакта көп эмес», - дейт ал.