Turmush — Кадамжай районунун Сырт айылынын тургуну Шадыбек Абдибаетов көп жылдардан бери багбанчылык менен алектенип келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, алмаларга ар кандай жазууларды жазып өстүрүүнү өздөштүргөн. Алгач бул идеяны кызынан көргөн. Алма быша элек кезинде ага жазып, алма бышканда да өчпөй турган атайын боёк да ойлоп тапкан. Ал үчүн 10жылдай убакыт кеткен.
«Бир күнү эле кызым кадимки кара сагыз менен алмага жазганын көрүп калдым. Анан кызыгып, андан бир алмага жазуу үчүн канча убактысы кеткенин сурасам, «1 күн кетти» деп жооп берди. Менде идея пайда болуп, алма быша элек убагында ага адамдардын атын, даталуу күндөрдү жазып көрдүм. Бир жылы мөндүп жаап кетсе, дагы бир жылы шамал, жамгыр жууп кетип, мээнетим текке кетип жатты. Мөндүр жаап жатат десе чуркап барып алманын үстүн жаап, мөндүрдөн сактоо аракетин көрөм. Ошентип чарчабай жыл сайын бир жерин өзгөртүп жасап жүрүп, быйылкы жылы жолго койдум. Жазуусу бышканда да өчпөгөн атайын нерсе ойлоп таптым», - деди ал.
Быйыл 600 даана алмага адамдардын атын, сүйүү сөздөрүн даталуу күндөрдү, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин аттарын жазып чыккан. Ошондой эле кыргыз-казак достугун бекемдеген жазууларды да жазгандыгын айтат.
«Мен жазган алмаларды туулган күн, майрамдарда сатып алышат. Бирок азырынча кардар аз. Көбүнчө мигранттар алып кетишет. 1 даанасын 200 сомго чейин сатам. Эң кымбаты сатылганы Абдыкадыр Орозбековдун 100 жылдык маарекесинде болгон. Анда 1 даана алманы 100 долларга саткам», - деди ал.
Багбандын короосунда 80 түптөн ашуун алмасы бар. Алмаларга жазуунун да өз убактысы болот. Тагыраагы 10-июлдан баштап 20-августка чейин жазыш керек, антпесе алмалар кызарып кетет. Жазылган алмалар апрель айына чейин сакталат.