Turmush — Алиса Сатарованын «Кайрылган канаттар» деп аталган даректүү баяны жарык көрдү. Китепке өмүр жолу аңызга айланган ардагер, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуусучу, 1950-жылдардагы репрессиянын экинчи толкунуна кабылган Токтонаалы Ашыралиевдин таржымалы баяндалат.
Китепте Токтонаалы атанын эскерүүлөрү келтирелет. Анда 1200 жоокердин 127си гана аман калган согуш, вагондордун ичинен кандын суудай акканы, жоокерлер чаңкаганда тамактары кургап, ичээрге суу жок, айла кеткенде уюган кандын үстүндө тунуп калган сары суусун ичкен учурлар, репрессиядагы сурак учурунда тиштерин кычкач менен сууруган кыйноолор, Воркутанын түрмөсүндө согуштагы командиринин жардамы менен жер астына түшпөй аман калганы эскерилет.
- «Согушта жүрүп баштан көп нерселер өттү. Тамактар кургап, ичерге суу жок, айла кеткенде кандын үстүнө туруп калган сары сууну ичкен күндөр да болду».
- «Жарадар болгон майордун чубалжыган ичегисин колуна кармап алып: «Суранам, мени атып салгылачы», - деп жалооруган көздөрү эч качан эсимден чыкпастыр».
- «Жүрөк үшүн алган Воркута лагери кимдерди гана торуна түшүрбөдү. Менин таң калганым – нандын күкүмүн заарасына көөлөп жеп, 25 жылдан бери жер астындагы шахтада иштеп келген арык адам болду. Анын арыктыганан териси эле сөөгүнө илинип калгандай адам коркорлук эле».
(Токтанаалы Ашыралиевдин эскерүүлөрүнөн)
Ага катар эле Токтогул районунан Сталиндик репрессияда жабыр тарткан Мамбеталиев Дүйшөбай, Алдосова Кадиян, Бектурганова Ормогой, Сатаров Козугул жөнүндөгү маалыматтар келтирилген.
Китепти алгысы келгендер Токтонаалы Ашыралиевдин уулу Эркинбек Ашыралиевге 0554 20 29 47 номуру аркылуу байланышса болот.