Turmush — Сүлүктү шаарынын тургунун алдоого шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Сүлүктү шаарынын 58 жаштагы тургуну Т.З. милицияга арыз менен кайрылган. Ал 5-февраль күнү Германияга виза жасатып берүү шылтоосу менен интернет аркылуу белгисиз жаран менен байланышканын билдирген. Шектүү жаран арыз ээсинин паспорттук маалыматтарын алган. Кийинчерээк арыз ээсинин атына мобилдик банкинг кызматын колдонуп, ар биринен 50 миң сомдон, жалпы 100 миң сом өлчөмүндө онлайн кредит алынганы аныкталган. Аталган факт боюнча Сүлүктү ШИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иш козголгон.
Жогоруда аталган бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча каражаттары Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун 33 жаштагы тургуну К.Х.нын банктык эсебине которулгандыгы аныкталган. Ал Жалал-Абад облусунун Чычкан-Сай аймагындагы кафелердин биринде иштеп жаткан жеринен кармалып, тергөө органдарына жеткирилген.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.