Turmush — Талас ОИИБде офицердик сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Талас облусунун ички иштер органдарынын орто жана улук жетекчилик кызмат орундарына барууга кадрлар резервин түзүү үчүн сынак жарыяланган. Сынак жаңыдан жана кайрадан Кыргыз Республикасынын ИИОнун катарына өтүүгө талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптарга, билимине, иштиктүү жеке жана моралдык сапаттарына, ошондой эле жөндөмдүүлүгүнө, дене-тарбиялык даярдыгына жараша, Кыргыз Республикасынын ИИОнун катарынан кызмат орунду ээлөгө бирдей жетүү укугун камсыз кылуу максатында уюштурулган.
Кадрлар резервин түзүү үчүн сынак 2026-жылдын 10-13-март күндөрү өткөрүлдү. Жалпысынан сынакка 97 талапкер катышып, алардын ичинен 29 талапкер сынактан өтпөй калды.