Turmush — Панфилов районунда акыркы 3 жылда жаңы 6 медициналык мекеме ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы материал топтоду.
Маалым болгондой, райондо 4 айыл аймакжана Кайыңды шаары жайгашкан. Калкынын саны 10 миңден ашуун Кайыңды шаары райондун борбору болуп саналат. Анда жалпы аянты 497 чарчы метрди түзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты 2023-жылы ачылып, ага жергиликтүү уюм тарабынан 18 миллион жана жергиликтүү бюджеттен 899,9 миң сом каралган.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Махабат Раимбекованын айтымында, кадрлар менен камсыздоого өзгөчө көңүл бөлүнгөн.
«Өткөн 2025-жылы 2 жаш медайым жумушчу орун менен камсыздалып, бүгүнкү тапта 3 дарыгер жана 6 медайым эмгектенүүдө. Жыл сайын жаңы медициналык жабдуулар менен камсыздалып, 10 миңден ашуун шаар тургундарына сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ошону менен бирге жакында коопсуздукту камсыздоо максатында видеокөзөмөл да коюлду», - деди ал.
Ал өз сөзүндө жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын саны жөнүндө айтып берди.
«2025-жылы 200 ымыркай жарык дүйнөгө келсе, 2026-жылдын 2,5 айында 25 ымыркай төрөлдү. Албетте бул сүйүнүчтүү кабар. Ак халатчандар энелерге жана жаңы төрөлгөн наристелерге өзгөчө камкордук көрүп келет», - деди ал.
Ал эми 2023-жылы Орто-Кайыңды айыл аймагына караштуу Тельман айылында демөөрчүлөр тарабынан курулган үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ачылган. Өзгөчө акыркы 3 жылда
Курама айыл аймагында жаңы ачылган медициналык объектилер басымдуу экендиги байкалат. Маселен 2023-жылы тоо этегиндеги Эфиронос айылында демөөрчүлөр тарабынан ФАП курулса, 2024-жылда Партсъезд айылында да ФАП ачылып, ага жергиликтүү уюмдан 6,5 миллион сом жана жергиликтүү бюджеттен 800 миң сом бөлүнгөн.
2024-жылы жергиликтүү уюм тарабынан 164,4 миллион сомго көп кабаттуу райондук жалпы дарыгердик практика борбору капиталдык оңдоо-түзөөдөн өткөн. Учурда ал жаңы медициналык жабдуулар менен камсыздалып, райондун 48 миңден ашуун көп улутуу калкынын саламаттыгын сактоого салым кошуп келет. 2025-жылы тоо этегиндеги Орто-Арык айылында да демөөрчүлөр тарабынан жаңы ФАПтын имараты ачылган.
Райондук мамлекеттик администрация маалымдагандай, 2024-жылы 870 ымыркай жарык дүйнөгө келсе, 2025-жылы 885ке жеткен.
Чек арада жайгашкан Күрпүлдөк айыл аймагына караштуу Ровное, Октябрь жана Биринчи-Май айылдарындагы медициналык мекемелерди оңдоо-түздөө иштери күчөтүлгөн. Тактап айтканда 2026- жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын негизинде Октябрь айылындагы медициналык имараттын чатырын алмаштырууга райондук өнүктүрүү фондуна 2187,6 миң сомго долбоор жазылган. Ал эми 1975-жылы курулган Биринчи-Май айылындагы медициналык имаратты жаңылоо демөөрчүлөр тарабынан ишке ашыруу мерчемделген.
Район аймагында 11 ФАП, 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 1 жалпы дарыгердик практика борбору иштеп жатат.