Turmush — 2026-жылдын 18-мартында Ош технологиялык университетинде «Зордук-зомбулукка жол жок!» темасында ата-энелер жыйыны өткөрүлдү.
Иш-чараны Гуманитардык-педагогикалык жана IT технологиялар бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Зикирова ачып берип, студенттердин сабактарга катышуусу, жетишүүсү жана окуу төлөмдөрү боюнча маалымат берди.
Иш-чара Гуманитардык-педагогика жана IT технологиялар бөлүмүнүн Компьютердик жана санариптик технологиялар предметтик-циклдик бирикмеси тарабынан уюштурулуп, ага ата-энелер, студенттер, окутуучулар жана Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жашы жете электер иштери боюнча инспекциясынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү рекетчилик, экстремизм, интернет коопсуздугу жана кибер кылмыштуулук темаларында маалымат беришти. Ошондой эле жыйында студенттерди зордук-зомбулуктан коргоо, алардын окуудагы жетишкендиктери, сабакка катышуусу жана тартиби тууралуу маселелер каралды.
Иш-чаранын жыйынтыгында ата-эне менен окуу жайдын кызматташуусу студенттердин билим алуусуна жана тарбиясына маанилүү салым кошору белгиленди.