Turmush — Кечээ, 18-мартта Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» аймактар аралык сынагынын шаардык туру өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чара балдар чыгармачылык үйүндө «2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү жөнүндө», «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктиктер» уңгу жолу жөнүндө» жарлыктарды ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Сынактын максаты — шаардагы өзгөчөлөнгөн жаш аткаруучуларды аныктоо жана колдоо, алардын чыгармачыл дараметин ишке ашыруу, балдар чыгармачылыгы аркылуу мамлекеттин маданиятын таанытуу.
Сынактын жүрүшү 3 (категория) жаш курактык баскыч менен (7-11, 12-14, 15-17) өттү. Вокал, хореография, музыкалык аспапта аткаруу жанры номинациялары боюнча тандоо каралды. Сынактык тандоого балдар чыгармачылык борборунун ийрим катышуучулары жана жалпы орто билим берүү мектептеринин өнөрлүү, чыгармачыл окуучулары катышты.
- «Вокал» номинациясы боюнча — 31 окуучу;
- «Бий» номинациясы боюнча — 48 окуучу;
- «Музыкалык аспапта ойноо» номинациясы боюнча — 15 окуучу.
Жалпы 95 окуучу сынакка катышып, 1-2-3 орунга ээ болгондор дипломдор жана активдүү катышкандар ардак грамоталар менен сыйланышты.
Сынактын облустук туруна ар бир номинациядан жаш курак өзгөчөлүгү менен 1-орунга ээ болгон окуучулардын баары катыша турган болушту.