Turmush — Баткен электр тармактар ишканасында Нооруз майрамы менен белгиленди. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ага ишкананын директору Нурлан Мамадалиев баштаган жетекчилер, ошондой эле Кызыл-Кыя, Кадамжай, Баткен, Лейлек жана Сүлүктү райондук электр тармактарынын эмгек жамааттары катышты. Иш-чаранын негизги максаты — кызматкерлердин ортосундагы ынтымакты жана достукту бекемдөө, улуттук каада-салттарды даңазалоо, ошондой эле Нооруз майрамынын маанисин кеңири жайылтуу. Салтка ылайык “алас айтуу” жана “буудай чачуу” жөрөлгөлөрү өткөрүлүп, молчулук, береке жана тынчтык тиленди.
Андан ары иш-чара маданий бөлүк менен улантылып, 5 райондук электр тармактары жана Баткен электр тармактар ишканасы болуп жалпы 6 команда арасында достук мелдеш уюштурулду. Командалар улуттук ырларды аткарып, ар улуттун маданиятын чагылдырган көркөм бийлерди тартуулашты.
Мындан тышкары, улуттук оюндар боюнча да кызыктуу мелдештер өткөрүлдү. Аркан тартыш, кол күрөш сыяктуу оюндарда катышуучулар күч сынашты. Иш-чаранын алкагында улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулуп, ар бир команда өзүнүн дасторконун жасалгалап, улуттук даамдарды тартуулады.
Жеңүүчүлөр:
- 1-орун — Лейлек райондук электр тармактары,
- 2-орун — Баткен электр тармактар ишканасы,
- 3-орун — Баткен райондук электр тармактары жеңип алышты.
Жеңүүчүлөргө диплом, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.